БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары депутатты колдоо максатында жумасына 2-3 жолу митингге чыгып, ишемби, жекшемби күндөрү дем алат. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге билдирди.
Текебаевди колдоо митинги үч күндөн бери болуп жатат. Депутат коррупцияга шектелип жекшемби күнү кармалып, дүйшөмбүдө эки айга камакка алынганы маалым болду.
Митинг түшкү саат 14.00дөн 18.00гө чейин Жогорку Кеңештин пленардык жыйындары өткөн күндөрү болот.
Эл өкүлү 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.