БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россиянын "Живая планета" аттуу ири телеканалы Кыргызстан тууралуу кеч жазда тартылган толук метраждуу тасма тартуулады.
Кыргызстандын укмуштуудай жаратылышын чагылдырган тасма кечээ күнү телеканалдын расмий YouTube баракчасына жүктөлдү.
"Кезектеги саякат үчүн мамлекет тандап жаткан маалда оозду ачырган жерлерге барууну абдан каалагам. Бул үчүн суткалап учуп, толгон-токой барактарды толтуруу менен ар кандай эмдөөлөрдөн өтүш керек деп ойлоп жатсаңыз жаңылышасыз. Оңой жетүүгө болгон бир мамлекет бар, ал абдан кооз жана ар түрлүү. Мен ал жактан эмнелерди көргүм келерин алдын ала пландаган эмесмин. Себеби бул жер мен күткөндөн да укмуштуудай экенин билгем", — деп каналдын алып баруучусу Константин Бышевой Кыргызстан тууралуу пикири менен бөлүшүп жатты.
25 мүнөттүк фильмде Кыргызстандын кооздугу гана эмес, элдин укумдан-тукумга сакталган салт-санаалары дагы айтылат. Алып баруучу "учкуч аңчысын" тарбиялап жаткан мүнүшкөргө, таза кандуу жылкыларды баккан жылкычыларга барып маек курган. Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы ак илбирсти сактоону көздөгөн реабилитациялык борборду көргөн.
"Жакында Кыргызстан Швейцарияга, Түндүк Италияга же Жаңы Зеландияга айланат. Ал үчүн бардык шарттар бар — чоң туристтик бизнес түзүлүп дүйнөлүк деңгээлдеги мейманканалар курулат. Бардыгы Анды менен Альпдагыдай болот. Өлкөнүн жаратылышы шумдуктуудай өзгөчөлүү экен", — деп өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
Тасма өткөн жылы тартылган. Телеканалдын чыгармачыл тобу Кыргызстанга өткөн жылдын май айында келип кеткен.