Аба ырайы: бейшемби күнү Кыргызстанда күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварындагы шаар тургундары. Архив
Эркиндик бульварындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

"Ош шаарында 7 градус жылуу болсо, Бишкекте күндүн табы 6 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 3…-8, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн —10…-15, күндүз 7 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн — 4…-9, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн — 7…-12, күндүз 5 градус жылуу болсо, Нарында түнкүсүн —25…-30, күндүз —8…-13 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0