Көмгөнү алып бараткан индус бала жолдон "тирилип кетти"

© AFP 2023 / STRӨлүк. Архив
Өлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бир топко чейин тил-оозсуз, сулк жатып калгандыктан ата-энеси аны каза болуп калды деп ойлошкон.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Карнатака (Индия) штатында өспүрүм аны көмүү үчүн алып бара жатканда "тирилип" кеткен. Бул туурасында РИА Новости Times of India гезитине шилтеме кылып жазды.

Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиялык окумуштуулар мээ рагынын өрчүшүн токтокон өсүмдүктү табышты
Баланын ата-энесинин айтымында, уулун бир ай мурда ит тиштеп, бир нече жума бою дене табы түшпөй койгон. Абалы начарлап баштаганда ооруканага алып барып, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Дарыгерлер анын дем алдыруучу аппаратсыз жашай албастыгын айтканда, ата-эне акчасынын жоктугунан баласын үйүнө алып кеткен. Өспүрүм тил-оозсуз, сулк жатып калгандыктан ата-энеси аны каза болуп калды деп ойлошкон.

Уулун акыркы сапарга узата турган күнүн аныктап, ыйлап-сыктап бүткөн соң, жерге берүү үчүн жолго чыгышкан. Белгиленген жерге жетерге эки чакырымдай калганда бала көзүн ачып, колу-бутун кыймылдаткан… Дарыгерлер учурда бала оорукана "менингоэнцефалит" дарты менен жаткырылгандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0