БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей командасы VIII Кышкы Азия оюндарын жеңиш менен баштап, Кувейттин хоккейчилерин 5:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тария жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш 18-февралда Япониянын Саппоро шаарында өткөн.
Оюнда эсеп тактасын Данил Шушенков ачкан, кийин Олег Колодий эки жана Артем Семилетко менен Антон Кудашев каршылаштардын дарбазасына бирден шайба киргизген.
Кийинки оюн 21-февралда болуп, анда Кыргызстандын командасы филиппиндик хоккейчилер менен күч сынашат.
Кошумчалай кесек, VIII Кышкы Азия оюндарында өлкө намысын төрт спорттун түрү боюнча 33 спортчу коргоп жатат.