БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Сегизинчи жолу өткөрүлүп жаткан Кышкы Азия оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын атынан 33 спортчу катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Оюн 19-26-февралда Япониянын Саппоро шаарында өтөт. 30дан ашык мамлекеттен келген 1500дөй спортчу катышат.
Кыргызстандык спортчулар спорттун төрт түрү — хоккей, көркөм муз тебүү, тоо лыжасы жана биатлон боюнча катышат. Жалпысынан спорттун 11 түрү боюнча 65 комплект медаль ойнотулат.