ӨКМ: кар көчкүнүн айынан 130дан ашуун мал-жандык өлдү

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКОРОВЫ ЖИВОТНОВОДСТВО ФЕРМА
КОРОВЫ ЖИВОТНОВОДСТВО ФЕРМА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-февралда өлкөнүн түштүк аймагынын айрым жерлеринде көр көчкү түшүп, жыйынтыгында Ош облусунан Чоң-Алай районунда эки жаш бала, Кара-Суу районунда бир аял каза болгон. Мындан тышкары, мал-жандык камалган бир нече сарай дагы кар астында калган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кечээ жер-жерлерге түшкөн кар көчкүнүн натыйжасында 130дан ашуун мал-жалдык өлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Чон-Алай районунун Жаш-Тилек айылында түшкөн кар үч сарайды басып калган. Бул мал короолордо бардыгы биригип, тогуз кара мал, бир эшек жана 62 кой болгон. Жандыктардын бардыгы өлдү. Ал эми Кара-Суу районун Папан айылында 69 кой-эчки 3000 метр куб кар көчкүнүн курмандыгы болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, көчкү түшкөн бардык жерлерде ӨКМдин куткаруучулары жана атайын техникасы тартылып, карды тазалоо иштери аткарылды.

Эскерте кетсек, кечээки табигый кырсык Ош облусунан Чоң-Алай районунда эки жаш бала менен Кара-Суу районунда бир аялдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0