Бишкек мэриясы эски үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу керектигин эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековОбразец старого паспорта гражданина КР
Образец старого паспорта гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелден тарта 1994-жылы чыккан паспорттор жараксыз болуп эсептелет.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы 1994-жылы чыккан паспортторду алмаштыруу керектигин шаардыктарга эскертти.

Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан "күчтүү паспорт" рейтингинде 66-орунга татыды
Былтыр ноябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы паспорттор 31-мартка чейин гана жарактуу болорун билдирген. 1-апрелден тарта ал юридикалык күчүн жоготот.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2015-жылдын август айынан тарта 60 жаштан улуу болгон жарандардын паспортун бекер алмаштыруу аракеттерин көрүп келет.

Мэриядан билдиришкендей, эски үлгүдөгү документ көтөргөн шаардыктар тез арада паспорттук виза бөлүмүнө барып 2004-жылкы паспортко (ID-card) алмаштыруусу керек.

Эгер суроолор туулса Мамлекеттик каттоо кызматынын 119 тынымсыз телефонуна кайрылып, жооп алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0