БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында дүйнөгө аты чыгып, бренд болгон косметикалык каражаттардын 116,56 миллион долларлык жасалма түрлөрүн таап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү "Чжэцзян цзайсянь" сайтына шилтеме кылып кабарлады.
Жасалма косметикалык каражаттарды чыгарып жана аны саткандар Тайчжоу шаарында жайгашкан. Полиция шектелип кармалгандардан контрафакттык 1,2 миң кутучаны алган.
Жасалма косметикалардын арасынан белгилүү болгон Lancome, Estée Lauder, Chanel, Dior жана башка дагы бир топ белгилүү бренддердин "товарлары" чыккан. Бул косметикалар интернет аркылуу соодаланып келгендигин айткан полиция, ал адамдын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Жасалма товарлар менен шугулданган деген шек менен 15 киши кармалып, алардын 13үнүн иши прокуратурага берилди.