БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Айтылуу Мерилин Монронун буга чейин көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн Британиянын The Daily Mail басылмасы чыгарды. Анда Монронун кош бойлуу экени көрүнүп турат.
Маалыматка караганда, актрисанын боюна "Давай займемся любовью" тасмасындагы өнөктөшү Ив Монтандан бүткөн.
New pictures of Marilyn Monroe 1960. pic.twitter.com/5aGtIO1UIf
— محمد (@iMarilynic) 16 февраля 2017 г.
57 жыл мурда Монронун жакын курбусу Фрида Халл тартып алган сүрөттөр былтыр Голливудда аукцион аркылуу сатылган. "Беременные слайды" деген аталыштагы сүрөттөрдү актер Тони Майклс 2240 долларга сатып алып, кийин аталган басылмага берген.
"Мерилин кош бойлуулугун сыр катары сактап жүрүп, кийин боюнан түшүп калган. Фрида курбусунун сырын өмүрүнүн аягына чейин эч кимге айтпай сактап, бул сүрөттөрүн алып жүргөнүнө абдан сыймыктанчу. Монронун Ив Монтандан боюна болгондогу окуясын жакшы билген Фрида мага бардыгын айтып берген", — деди жылдыздын курбусу менен көп жылдар бою кошуна жашаган Майклс.
Уникалдуу сүрөттөр Фрида Халлдын менчиги катары көп жылдар бою сакталып келип, 2014-жылы каза болгондон кийин анын мүлкү менен биргеликте сатылып кеткен.
Кадрлар 1960-жылы Нью-Йорк шаарында "Неприкаянные" тасмасы тартылып жаткан учурда алынган. Анда Монро 34 жашта болчу.