БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Баткен районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна шилтеме жасап Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 14-февралда саат 20:46 чамасында байкалган. Мында Булак-Башы, Бужум менен Кара-Булак айылдарында 3-3,5 балл жана Баткен шаарында 3 балл болуп сезилген.
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.