БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп кайра шайланды. Бул тууралуу РИА Новости Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бердымухамедов үчүнчү мөөнөткө шайлоочулардын 97,69 пайыз добушун алып өттү.
Буга чейин Түркмөнстандын референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоого шайлоочулардын 97,27 пайызы катышкандыгын кабарлаган.
Шайлоодо Бердымухамедовдон сырткары дагы сегиз талапкер ат салышкан.