БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жөө бараткан адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу кармалганын Чүй облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-февраль күнү болжол менен түнкү саат 2.30дарда болгон. Бишкек — Чалдывар жолундагы Военно-Антоновка айылынын тушунда унаа адамды коюп кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан ошол эле жерде көз жуумп, ал эми айдоочу качып кеткен.
Сокулук районунун кызматкерлери кылмышка шектүү катары Таластын Кара-Буура районунун 22 жаштагы тургунун кармады. Чогултулган материалдар тергөөгө берилип, машина айып короого токтотулду.