https://sputnik.kg/20170208/dordoj-tazhikter-menen-betteshet-1031655695.html
"Дордой" AFC кубогунун алкагында тажикстандык клуб менен беттешет
"Дордой" AFC кубогунун алкагында тажикстандык клуб менен беттешет
Sputnik Кыргызстан
Бишкектик клуб Азия чемпиондор лигасынын группалык баскычына чыгуу үчүн бир кадам калды. 08.02.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-02-08T11:58+0600
2017-02-08T11:58+0600
2021-12-22T12:14+0600
https://sputnik.kg/img/103165/55/1031655580_0:134:3179:1933_1920x0_80_0_0_721fa8b6fb2c83f12ba03a546c95fc05.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103165/55/1031655580_0:34:3179:2033_1920x0_80_0_0_a2fae638c51847b81c1d3f309b72b73b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, спорт, жаңылыктар, "дордой" фк, азия
кыргызстан, коом, спорт, жаңылыктар, "дордой" фк, азия
"Дордой" AFC кубогунун алкагында тажикстандык клуб менен беттешет
11:58 08.02.2017 (Жаңыртылды: 12:14 22.12.2021) Бишкектик клуб Азия чемпиондор лигасынын группалык баскычына чыгуу үчүн бир кадам калды.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" футбол клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык бөлүгүнө чыгуу үчүн Тажикстандын вице-чемпиону "Хосилот" командасы менен беттешет. Бул тууралуу "Дордой" клубунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Жакында эле бишкектик команда Балаканабад шаарында түркмөндөрдүн "Балкан" командасын 2:1 эсебинде уткан. Эки оюндун жалпы жыйынтыгында (биринчи оюн —1:1) "Дордой" командасы Азия турниринин финалдык бөлүгүнө
катышууга мүмкүндүк алган.
Эми бишкектик команда AFC кубогунун тайпалык этабына чыгуу үчүн Тажикстандын командасы менен беттешет.
AFC кубогу — Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган мелдеш. Үч тандоо жана бир негизги турнирден турат. Эки матчтан турган мелдештин жеңүүчүсү финалга чыгып, таймаштын негизги бөлүгүнө жолдомо алат.