БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин борборунда троллейбустун айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткенин Кайгуул милициясы билдирди.
"Кырсык 13.00төр чамасында Москва менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Троллейбус чыгыштан батышты көздөй кетип бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу 49 жаштагы аял экени маалым болду. Ал башынан жаракат алып Улуттук госпиталга жеткирилген. Милициядан жабырлануучу жолдун туура эмес жеринен өтүп бара жатканда кырсыкка кабылганын айтышты.