БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районуна 4-февралда жааган калың кардын кесепетин жоюу боюнча аракеттер тынымсыз жүрүп жатканын Чоң-Алай райондук администрациянын аппарат жетекчиси Сайжидин Мыйзамов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал учурда жол тейлөө башкармалыгы Сары-Таш — Карамык жолун ачканын кошумчалады.
Мыйзамов калың кар Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактарына калың түшкөнүн айтып, Кашка-Суу айыл аймагына кар анча калың жаабаганын кошумчалады.
Ал эми №16 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Абдрасул Кангелдиев жолду тазалоо дээрлик күнү-түнү жүрүп жатканын айтты. Учурда сегиз техника тынымсыз иштеп жатканын баса белгиледи.
"Азыр каз тамандуу техникадан бирөө эле иштеп жатат. Дагы кошумча бирөө суралды. Ал жолдо келе жатат", — деди ал.
Кангелдиев кар Шибе, Чулук айылдарына оор түшкөнүн, айылдын жолдорун тазалоо үчүн техника жөнөтүлөөрүн кошумчалады.
Ал мындай кырдаал 2012-жылы жаралганын, бирок кар мынчалык калың түшпөгөнүн белгиледи.