БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Тыныстанов атындагы №5 китепканада сыпаалыкка жана туура сүйлөөгө арналган акция болуп өткөнүн Бишкек мэриясы билдирди.
Иш-чараны шаардык борборлоштурулган китепкана системасы демилгелеп уюштурган. Ага калаа тургундары, студенттер жана окуучулар катышкан.
Уюштуруучулар кепке адамдын ар-намысына шек келтирген одоно сөздөрдү колдонбоого чакырып, сылык-сыпаалыкка үндөгөн баракчаларды таратышты.