БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылындагы тоодо кар көчкү жүрүп бир адамды басып калды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кырсык 7-февралда саат 11.30дар чамасында болгон.
"Тоого эки бала мал айдап барган. Көчкүнүн алдында 13 жаштагы бала калып каза тапты. Ал эми экинчиси аман-эсен", — деп айтылат маалыматта.
Айыл тургундары баланы көчкү алдынан чыгарып, ооруканага жеткиргенде каза болгон.