Көлдүн Өрнөк айылында спирт ичимдиктери төгүлүп, сатууга тыюу салынды

© Фото / Муслидин НарматовЗапрет спиртных напитков в селе Чон-Сары-Ой
Запрет спиртных напитков в селе Чон-Сары-Ой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечит жамааты ортодон каражат чогулутуп айылдагы дүкөндөрдүн баарынан жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктерин сатып алып кудуктарга төккөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Алгачкы иштери Өрнөк айылынан башталып дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл өкмөт башчысы Улан Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, бул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган.

© Фото / Муслидин НарматовЫсык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.
Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.
© Фото / Муслидин НарматовАлгачкы иштери Өрнөк айылынан башталып дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган.
Алгачкы иштери Өрнөк айылынан башталып дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алгачкы иштери Өрнөк айылынан башталып дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган.
© Фото / Муслидин НарматовБул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган.
Бул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган.
1/3
Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.
2/3
Алгачкы иштери Өрнөк айылынан башталып дүкөндөрдөн жалпы жонунан 26 550 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган.
3/3
Бул жөрөлгө элди тартипке салуу жана жагымсыз окуялардын алын алуу максатында уюштурулган.

"Биздин айыл өкмөттөгү Чок-Так, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Сары-Ой, Бает айылдарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Ар бир айылда бирден мечитибиз бар. Алгачкылардан болуп Өрнөктүн имамы демилге көтөрүп, аксакалдар менен кеңешип ушундай чечимге келишти. Дүкөн ээлери да түшүнүү менен кабыл алып каршы чыгышкан жок. Албетте аларды күчкө салып тыя албайбыз. Натыйжада дүкөндөрдөн баасы 26 550 сомду түзгөн сыра, арак өңдүү спирт ичимдиктери канализациялык кудукка төгүлүп, жок кылынды" — деди айыл өкмөт башчы.

Ал эми Өрнөк айылынынын имамы спирт ичимдиктерин мечит жамааты ортодон каражат чогултуп сатып алганын билдирди.

Спирттик ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары
"Айылда соңку эки аптадан бери жума намазга келгендерге спирт ичимдиктеринин зыяндуулугу туурасында баяндар айтылды. Мунун натыйжасында эл да арак-шарап сатууга тыюу салуу боюнча мечит жамаатынын демилгесин туура көрүп макул болду. Анан мечит жамааты ордодон акча чыгарып айылдагы дүкөндөрдө турган арак, сыраларды сатып алып кудуктарга төктүк. Сатууну токтоткондугу үчүн дүкөн ээлерине айыл өкмөттөн, райондук казыяттан ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Айыл өкмөт башчысы, айылдык депутаттар, аксакалдар соту, мечит жамааты, жаштар уюму кол коюп бирдиктүү устав кабыл алдык. Ага ылайык айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткандарга биринчи эскертүү берилет, ага да баш ийбесе дүкөндөн сатып алынган 26 550 сомдун жырымын, дагы кайталанса каражатты толук түрдө мечитке төлөп берет. Муну мечиттин жамааты көзөмөлгө ала турган болду" — деди имам.

Аталган айылда төрт жылдан бери дүкөн иштеткен Майрамбек Акылбеков мындай кадам менен киреше азаярын билсе да элдин чечимине каршы чыгалбаганын айтат.

"Жамаат келип дүкөндөгү 6 050 сомдук товарды сатып алып кетти. Бирок үч чакырым ары жактагы Чок-Тал, Чоң-Сары-Ой айылдарында спирт ичимдиктери сатылып жаткандыктан эл ошол жакка барып атат. Баары тегиз болсун десек, ал жакка да тыюу салышса болмок. Өзүбүз ушул жерде жашагандыктан коомчулуктун мыйзамын сыйлап сатууну токтоттук. Албетте, бизге киреше бөлүгү ушул нерседен көбүрөөк түшчү. Эми соода кыйла солгундап калды, ай сайын дүкөнгө салыктарды да төлөшүбүз керек. Учурда 1500 сом салык төлөсөк, сезон башталганда 3500 сомго көтөрүлөт", — деди дүкөн ээси.

Эскерте кетсек, буга чейин да Алай, Ноокат, Ноокен жана Лейлек райондорунун бир нече айылдарында эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0