БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунда сегиз жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган 42 жаштагы адам колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде тестиер кызды Рысбек аттуу кошунасы муунтуп өлтүрүүгө аракет кылгандыгы тууралуу маалымат Москва РИИБине түшкөн.
Ага ылайык, короодо ойноп жүргөн кыз өз үйүнө кирип барганда кошунасы ата-энесинин акчасын уурдап жатканын көрүп калат.
Алдын ала маалымат боюнча мас абалындагы киши уурулугуна күбө болгон тестиерден кутулуу максатында аны муунта баштайт. Дал ошол маалда келип калган кыздын атасы наристесин өлүмдөн сактап калды.
Кылмышка шектүүгө Кылмыш, жаза кодексинин 28-97-беренелери (Кишинин өмүрүнө кол салуу) менен кылмыш иши козголду.