БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ошто 42 жаштагы соттолуучу сот залынан качып кеткенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 3-февраль күнү кечинде болгон.
"Шектүүнү күндүз сотко алып кетишкен. Аны тергөө абагына 19.00дө алып келүүлөрү керек эле. Бирок 21.00дөр чамасында качып кеткендиги маалым болду. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында 4-февраль күнү саат 03.00дөр чамасында шектүү Араван районундагы тууганынын үйүнөн кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда соттолуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны качырып жиберген милиция кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлөт.