Ошто кар көчкү түшүп эки кишини басып калды

© Sputnik / Д. Чернов / Медиабанкка өтүүНа снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе
На снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи кар көчкү Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда түшсө, экинчиси Ош – Кызыл-Жар жолунда катталган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 3-февралдан 4-февралга караган түнү алдын ала алынган маалымат боюнча Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 182-чакырымында кар көчкү түшүп, бир адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ошондой эле 4-февралда Ош – Кызыл-Жар дагы кар көчкү түшүп бир чек арачыны басып калганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

"Төрт аскер кызматкери УАЗ Хантер автоунаасы менен Ош шаарынын Кызыл-Жар аймагына чыгышкан. Терек-Чаты аймагынан автоунааны кар көчкү басып калган. Аскерлер жолду кардан тазалай баштаганда күтүүсүздөн экинчи кар көчкү түшүп сержантты басып калган", — деп айтылат чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Каза болгон чек арачынын сөөгү таң эрте саат 5.30дар чамасында табылган.

Эске салсак, ӨКМ 4-6-февралда Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы автожолдо кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскерткен. 

Кар көчкү түшө турган аймактарды Sputnik Кыргызстан картасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0