Кар көчкү түшө турган аймактар — карта

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү коркунучунан сырткары, жолдорго муз тоңуп тайгак болот, кар күрткүсү жаралат.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралгандыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккан жарандарды сак болууга чакырды.

Министрликтин маалымат кызматы Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу), 198-265 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кооптуулук сакталаарын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элмира Шерипова: кар көчкү түшүрүлгөн жол жабылып турат
Ошондой эле алыскы жолго чыккандар Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-9- чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), (Ийри–Суу участкасынын 42-44-чакырым) жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) сак болуусу керек.

Көчкү коркунучунан тышкары, жолдорго муз тоңуп тайгак болот, кар күрткүсү жаралат.

ӨКМден унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелүүсү зарылдыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0