БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине 60 миллион сомго чукул акча чогулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Учурда үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, 2-февралда саат 16:00гө карата атайын эсепке 59 миллион 610 миң 532 сом түшкөн.
"Атайын эсеп ачык. Каалаган жеке жана юридикалык тараптар каражат которо алат", — деп айтылат маалыматта.
Акча которууну каалагандар үчүн:
- Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
- БИК 440001,
- Эсеп коду 14238900.
- Ош шаары Моминов көчөсү,
- 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150
- Код УГНС 032
Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.