БИШКЕК, 02-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында мас абалдагы жаран канал түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү саат 09:15 чамасында, Жалал-Абад шаарынын CМУ кичи шаарчасында болгон.
Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.