БИШКЕК, 01-Фев. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы туумдарды жоюу боюнча акция жарыялаганын компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, акция жеке жактар үчүн гана жарыяланган. Эгер абонент 2017-жылдын 31-мартына чейин негизги карыздарын толук төлөп бүтсө, 1-февралга чейинки туумдары 100 пайыз кечирилет.
Ал эми төлөнө элек карыздары үчүн көгүлтүр от берилбей калган абоненттер акцияга катышуу үчүн "Бишкекгазга" арыз менен кайрылуулары керек.
Төлөнө турчу каражаттын көлөмүн билүү үчүн "Бишкекгазга" 0312 68-07-07 номери аркылуу байланышууга болот.