Сирия качкын тургундарды артка кайтууга чакырууда

© AFP / DIMITAR DILKOFFМосул шаарынан кетип жаткан качындар. Архив
Мосул шаарынан кетип жаткан качындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамаскта БУУнун комиссары менен Сириянын тышкы иштер министри эки тараптуу кызматташууга кол койду.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Сириянын Тышкы иштер министри мекендештерин кайтып келүүгө үндөөдү. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү САНА улуттук агенттигине шилтеме жасап билдирет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Американын ири компания башчылары Трамптын качкындар боюнча жарлыгына нааразы
Маалыматка ылайык, Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен Дамаскта жолугушуп, качкындарга жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу кызматташуу талкууланган.

Анда Муаллем мекендештерин Сирияга кайтып келүүгө чакырып, мамлекет аларды кабыл алууга жана тынч күн көрүүсүн камсыз кылууга даяр экендигин билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда БУУнун комиссары менен Сирия тарап кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, эл аралык уюмдар ички иштер министрлигинин алдындагы жарандык уюмдарга жардам көргөзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0