БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Аалы Карашев КСДП фракциясынан депутат болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аалы Карашев экс-депутат Нурмухаммад Баяхуновдун ордуна келди. Баяхунов буга чейин өз ыктыяры менен арыз жазып, мандатын тапшырган.
Белгилей кетсек, Карашев буга чейин презеденттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.