БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Куткаруучулар Малайзиянын жээгинде кытай туристтери менен чөгүп кеткен кемени табышканын РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Малайзиянын жээгинде 31 киши түшкөн кеменин чөгүп кеткени маалымдалган. Жүргүнчүлөрдүн 28и кытайлык туристтер болгон. Маалыматка ылайык, кеме 28-январда жоголуп кеткен.
Синьхуа агенттиги кеменин ичиндеги канча кишинин сөөгү табылганын так билдирген эмес. Ошентсе да андагы дээрлик бардык жүргүнчүлөрдүн денеси табылганын маалымдады.