Өзгөндө бакма бала ата-энесин чөөгүн менен башка чаап өлтүрдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКумган. Архив
Кумган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү бала атасын башка чөөгүн менен чаап, энесине ысык суу чачканын айтып берген. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында 22 жаштагы бала аны асырап алган апасы менен атасын  уруп өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Сабиров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Т.М. аттуу шектүүнү каза болгон жубайлар эки жашында багып алышкан.

"Окуя 10-январь күнү түнкү саат 2.00дөр чамасында болгон. Үй-бүлөдө пикир келишпестиктен улам чыр чыгып Т.М. аттуу жаран 63 жаштагы атасы менен 56 жаштагы энесин чөөгүн менен башка уруп өлтүрүп койгон", — деп билдирди Сабиров.

Ал эми шектелип жаткан Т.М. атасы аны камчы менен сабаганына чыдабай ушундай кадамга барганын айтууда.

"Ошол күнү досум менен кечинде сыртта сүйлөшүп тургам. Үйгө кирсем атам урушуп "каякта жүрөсүң" деп жемелей баштады. Камчы менен уруп, тээп, үйдөн кубалап чыкты. "Сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым артык" деп айтты. Кечирим сурасам да болбой ура бергенинен чөөгүн менен башка урдум. Апамдын үстүнө кайнап жаткан ысык сууну чачып, андан соң ошол эле чөөгүн менен чаптым", — деди шектүү.

Өзгөндүк жигит ата-энесин өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндүк жигит ата-энесин өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып берди
Маалыматтарга караганда баланын өзүнүн ата-энеси маркумдарга туугандык жайы бар. Алар Казакстанга иштегени кетип, ошону менен дайыны жоголгон.

Бакма баласынын колунан ажал тапкан ата унаасы менен эл ташып келген болсо, анын жубайы мектепте пол жууп иштеген.

Баткенге качууга аракеттенген шектүү Ош шаарынан кармалган. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү Өзгөн райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0