ОШ, 24-янв. — Sputnik. Ошто 21 жаштагы cтудент кызды зордуктоого шектелген милиция кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратуранын тергөөчүсү Абдрашид Кубатидинов аймактык кабарчыга билдирди.
"Текшерүү иштери жүргүзүлүп кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүргүзүлүп иш андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берилди. Мындан ары бул ишти аталган комитет иликтейт. Дайындалган медициналык экспертизанын корутундусу чыкты. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал тууралуу маалымат берилбейт", — деди Кубатидинов.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну 26-ноябрда милиция кызматкери тарабынан зордукталганын айтып, шаардык прокуратурага арыз менен кайрылган. Студент кыз өз арызында милиция кызматкери аны унаасы менен Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине алып барып, зордуктаган соң ур-тепкиге алгандыгын жазган.