Аким: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жүздөй милиция көзөмөл кылууда

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПограничная застава им. А.М.Кижеватова в Брестской области
Пограничная застава им. А.М.Кижеватова в Брестской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек бүгүн түштөн кийин Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жаштары ортосунда чыр чыкканы маалымдалган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин Баткен районунун акими Кеңеш Салихов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Салиховдун айтымында Көк-Таш айылында эки мамлекеттин балдары кермур айтыша кетип, бир-бирине таш ыргытышкан. Анын себебин азыр укук коргоо органдарынын кызматкерлери териштирүүдө.

"Чек арада абал тынч. Эч кандай кооптуулук жок. Азыр жүзгө жакын милиция кызматкери келип абалды көзөмөлдөп жатышат", — деди ал.

Белгилей кетсек бүгүн түштөн кийин Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик жаштары ортосунда чыр чыкканы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0