БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкектин 10 көчөсүндө жашаган эл жарыксыз каларын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр энергиясы "Түндүк" подстанциясындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
Мындан улам шаардын Орозбеков, Көкчөтоо, Мусоргский, Боталиев, Элебесов, Щербаков, Васильев, Сеченов, Фере көчөлөрүндө саат 10.00дөн 15.00гө чейин жарык болбойт.