БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында шаардын баш имам хатибинин орун басары Махмуд Курбанбаев милиция кызматкерлери менен жолукканын казыят билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу лекция жана суроо-жооп форматында өтүп, тыюу салынган агымдарга биргелешип бөгөт коюунун жолдору талкууланды.
Ошондой эле элдин тынчтыгын, ынтымагын бекемдөөдө Баткен шаардык хатибияты менен ички иштер башкармалыгы биргеликте кызматташуу чечимин кабыл алышты.