Чыкынова: окуучулар мушташкан мектеп директорун кызматтан алуу каралып жатат
Министр Кудайбердиева Кочкор, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы мектептерди кыдырганын министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова билдирди.
"Ошондой эле окуучулар мушташкан Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектепте болуп жабыр тарткан окуучунун абалы менен ооруканадан таанышты", — деди Чыкынова.
Министр окуучулардын мушташы боюнча Кочкор районунун акими менен чогуу жыйын өткөрүп, мектептеги тарбия иштеринин начардыгы жана ата-энелер менен иштөө жакшы эместигин баса белгиледи.
Окуучулардын мушташынан кийин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти. Ошондой эле Кыдыралиев атындагы мектептин директорун кызматынан четтетүү маселесин карап көрүүнү тапшырганын Чыкынова баса белгиледи.