БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мамлекеттик медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дооталиева өзүнүн Facebook баракчасына авиакырсыктан каза тапкандарды табалап жазган посту интернет колдонуучуларынын кыжырын кайнатты.
Ички миграцияга сын айтып маркумдарды табалаган Дооталиева окуу жайдын ректорунун буйругу менен 18-январда кызматтан алынса, УКМК аны суракка алып расмий эскертүү берди. Чекисттер жарыяланган посттон региондор жана улуттар аралык араздашууга алып келчү элементтер байкалганын аныктаган.
Ал эми 10-январда УКМКнын Карамушкинага болгон жооп каты чыккан. Анда 45 фейсбукчу президент Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтирген постторду жазары айтылган. Катта жазылгандай, айрым колдонуучулардын IP-даректери чет өлкөдө болгондуктан чара көрүүгө мүмкүн болгон эмес. Калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгиленген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы УКМКдан бул маселе боюнча комментарий алуу үчүн кайрылганда, аталган комитет жооп берүүдөн баш тартышты.
IT-адистер Михаил Дудин, Сергей Аладьев жана СERT-KG маалыматтык коопсуздук борборунун адиси Антон Кирсанов УКМК кыргызстандыктардын IP-даректерин табуу үчүн бир нече ыкмаларды колдонуусу мүмкүн экенин айтып беришти.
Дудиндин айтымында, кыргызстандык бардык провайдерлердин трафигин мыйзамдуу негизде чогулткан система атайын кызматтар үчүн жеткиликтүү. Башкалардын IP-даректерин аныктоо үчүн маалыматтардын ири агымынын ичинен Facebook трафигин таап чыгуу керек.
"Бул трафиктин ичиндеги маалыматтарга оңой менен жете албайсың, себеби ал жакшы корголгон. Аны "ачуу" көп убакытты талап кылышы мүмкүн. УКМКнын мындай корголгон нерселерди тез арада ачууга техникалык жактан мүмкүнчүлүгү бар деп айтууга болбойт", — деди Дудин.
Ал IP-даректерди башка ыкмалар менен деле аныктаса болорун кошумчалады. Мисалы, акмалап жүргөн кишиге атайын программаны жиберип, анын интернеттеги бардык кадамдары тууралуу маалыматтарды алууга болот.
Программисттин айтымында, мындан башка дагы жолдор жетиштүү. Мисалы, Facebook баракчаңызга кишилерди достукка кабыл алууда өтө кылдат болуш керек. Өзгөчө бейтааныш кишилер менен кат жазышканда сак болуу кажет.
"Балким бир күнү сизге кино, сүрөт же ыр көчүрүп алуу үчүн шилтемени салышы мүмкүн. Сиз ал шилтемени басканда эле кайырмакка илиндим деп ойлой бериңиз. Себеби, сиз кирген сайт IP-дарегиңизди ошол замат аныктайт", — деди Дудин.
Ал эми Антон Кирсанов эгер мыйзам бузбай жашап, эч кимге акарат айтпаса, ал адам IP-дарегимди билип калат деп кооптонуусуна негиз болбойт.
"Бир кишинин IP-дарегин билип калганда деле ал кишинин жашаган жери, эмнеге кызыгары тууралуу толук маалымат алууга жардам бербейт. Эгер провайдерге атайын кат менен кайрылса киши тууралуу маалымат алууга мүмкүн. Бирок провайдерлердин көбү мындай кайрылууну кабыл албайт. Анткени бул маалыматтар сыр катары сакталат. Анан калса террорчулар сиздин IP-дарегиңизге бомба таштай албайт да", — деди адис.
Адистердин айтымында, кандайдыр бир себептер менен өзүнүн Желеде табылышын каалабаган адамдар кардардын IP дарегин жашырып кое турган "анонимайзер" сыяктуу кызматтарды пайдаланышат.
"Кимдир бирөө интернеттен сизди табууну кааласа, дүйнөнүн бардык бурчунда жеткиликтүү болгон компьютердин маалыматын пайдалана алат. Демек, мындай кадам менен чыныгы IP пайдалануучу белгисиз бойдон калат. Анонимайзер өз кардарын коргоп, анын дайын-дарегин эч убакта "бербейт". Анткени өзүнүн кадырына доо кетет", — деди Аладьев.
IT-адистер сөзүнүн жыйынтыгында фейсбукчунун ким экенин билүү үчүн Facebook компаниясына сурам жөнөтүү зарыл экенин айтышты. Анда кардардын мобилдик оператору же провайдердин аталышы, браузердин түрү, тили, саат айырмачылыгы, уюлдук телефондун номери жана IP-дарек камтылган.
Эгер Кыргызстандын укук коргоо органдары Facebook компаниясына тийиштүү сурам жөнөтсө, шектүү адам тууралуу бардык маалыматты ала алат.
"Кардардын жеке маалыматтары расмий сурам аркылуу, соттун же башка мамлекеттик органдардын ордер, буйрук сыяктуу процедураларынын алкагында ачыкка чыгышы мүмкүн", — деп жазылган компаниянын регламентинде. Маалымат ачык болуп саналат.
Албетте, буга убакыт керек, бирок Ирина Карамушкина Sputnik Кыргызстан агенттигине "шектүү пайдалануучуларды" аныктоо өтүнүчү менен УКМКга 2016-жылдын соңунда кайрылганын билдирди. Анын айтымында, чекисттердин Facebook администрациясы менен байланышып, керектүү маалымат чогултууга убактысы жетиштүү болгон.