БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Борбор калаада грек-рим күрөшү боюнча өлкө бирннчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 21-22-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, аймактардан келген курама командалардын спортчулары катышат.
Балбандар 59 килограммдан 130 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешет. Мелдеш аталган спорттун түрүн жайылтуу жана Кыргызстандын курама командасына мыктыларды тандап алуу максатында өткөрүлөт.
Иш-чараны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Күрөш федерациясы уюштурууда.