БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Казакстанда өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучу Акбар Мадаминов информатика сабагынан алтын тагынды. Бул тууралуу "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча Жаутыков атындагы XIII Эл аралык олимпиада болуп өттү.
"Информатика сабагынан "Ош — Сема" лицейинин 10-классынын окуучусу Акбар Мадаминов алтын медалга ээ болду. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев күмүш медалга жана Хусейин Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Арсен Касымов коло медалга ээ болду", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары физика сабагынан Каракол лицейинин 10-классынын окуучусу Азамат Мырзабеков жана Кадамжай лицейинин 11-классынын окуучусу Артур Садиков коло медалга ээ болушкан.
Аталган олимпиадага Кыргызстандын атынан 21 окуучу катышкан.
Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө.
Ошондой эле маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.