БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Гонконгдон Стамбулду көздөй баратып, Бишкекке май куюу үчүн токтомок болуп, Дача айылына кулаган Boeing-747 учагынын экинчи кара ящиги табылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аба кемесиндеги биринчи кара ящик кечээ, 17-январь күнү табылган.
"Кара ящиктерди чечмелөө үчүн алар Москвага жөнөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кырсыктын себептерин кечээ Кыргызстанга келген Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат.