Авиакырсык ЖАМК офицеринин уул-келини менен эки небересинин өмүрүн алды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЭстеликке коюлган гүлдөр. Архив
Эстеликке коюлган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан 38 жаран көз жумган. Алардын арасында Жаза аткаруу кызматынын өкүлүнүн жакындары дагы болгон.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектин Дача айылына кулаган Boeing-747 учагынын айынан Жаза аткаруу кызматынын подполковниги Рахат Сыдыковдун баласы, келини жана эки небереси жан бергендигин аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарды колдоо үчүн бирдиктүү эсеп ачылды
Маалыматта Сыдыковдун уул-келини балдары менен Дача айылында жашап келген. Учак басып калган үйлөрдүн катарында алардын да турак жайы болгон. 

Рахат Сыдыков Бишкектеги №1 тергөө абагында өткөрүү жана текшерүү бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенет. 

Эскерте кетсек, 16-январь күнү таң эрте Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 37 кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Каргашалуу кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0