БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дача айылына кулап түшкөн учактын айынан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эсеп ачты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, эсеп ачуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ишке ашкан.
Бизнес коомчулук, жеке жактар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат:
- Эсеп номери 4407012100007868
- КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы БИК 440001
- Эсеп коду 14238900
- Ош шаары, Моминова 11 көчөсү
- ОКПО 22710535
- ИНН 00103200110150
- Салык кызматынын Ош шаары боюнча коду 032
Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонкондон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, 40ка чукул адам көз жумуп, 13 киши жабыркады.