БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарында беттери, мойну кескиленип ооруканага түшкөн Садырбековдун абалы жакшы экендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргыз жаранынын акыбалы менен КР Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлү Санкт-Петербургга барып таанышты.
"Кыргыз жараны өзүнүн мекендештери менен болгон ич ара чатактан улам жаракат алган. Азыр абалы жакшы, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Садырбеков миграция кызматкерине айыккандан кийин Кыргызстанга кайтарын билдирди.
Эске сала кетсек, өткөн жумада Санкт-Петербург шаарында беттери, моюну кескиленип, ооруканага түшкөн кыргыз жараны тууралуу ММКлар жазган эле.