БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы ооруканалардын бирине бети жана мойну кескиленип түшкөн жаран боюнча окуянын чоо-жайы аныкталганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Бети кескиленген кыргызстандык тууралуу маалымат ЖМК беттерине жарыяланган.
Маалыматка караганда, жабырлануучу Ош облусунда туулган С. Ч. аттуу кыргыз жараны болуп чыкты.
“Учурда ал Санкт-Петербургдагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат, абалы туруктуу. Жабырлануучу таанышы менен уруша кетип, жаракаттарды ошонун айынан алганын айтты”, деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызтандык жаран ден-соолугуна залака келтирген адамга дооматы жок экенин айтып, анын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.