БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дача-Суу айылында учактын кыйрашынан "Манас" аэропортунда аба каттамдары токтотулуп, операция жасатуу үчүн бараткан актер Азиз Мурадиллаев Стамбулга учпай калды. Бул туурасында актердун аялы Элвира Жумалиева билдирди.
Ал бүгүн таңкы саат 7:05де Түркиянын Стамбул шаарына сапар тартмак.
"Азиз апасы экөө аэропорттон өтүп учакка отургандан кийин учак кырсыгына байланыштуу каттам токтотулганын айтып артка кайтарыптыр. Ал жактагы дарыгерлерге абал туурасында айтканыбызда түшүнүү менен кабыл алышты. Эми алардын билеттери алмаштырылып, эртең учмай болушту" — деди Жумалиева.
Мунун кесепетинен Манас" эл аралык аэропорту" эртең менен саат 8.30да жабылып, кайра 13.30дан тарта кадимки калыбында иштөөгө өтүп, каттамдарды кабыл ала баштаган.