БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Бишкек шаарында 2 градус суук болсо, Ошто 1 градус жылуу болот.