БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Москвадагы өрттөн кыргыз жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-январда Москва шаарынын түндүк чыгышындагы Ярослав шоссеси 55 дарегинде өрт чыгып, андан тогуз адам жаракат алган.
"Россиянын ӨКМи берген маалыматка таянуу менен тилсиз жоодон жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдиребиз", — деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт 700 чарчы метр аянтты жалмап кеткен.