БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Мектеп-интернаттарда билим алган окуучулардын күнүмдүк тамактануусуна каралган акча 40 сомдон 110 сомго жогорулатылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ушул жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагындагы музыкалык жана көркөм-чыгармачылык багытындагы беш мектеп-интернаттын тамактануусуна бөлүнгөн каражаттар үч эсеге жакын көбөйтүлдү.
Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетине кошумча 6,8 миллион сом бөлүндү. Анын алкагында Бишкек, Чолпон-Ата, Жалал-Абад жана Баткен шаарлары менен Ноокат районундагы мектеп-интернаттар каржыланат.
Кошумчалай кетсек, учурда республика боюнча музыкалык жана көркөм-чыгармачылык багытындагы мектеп-интернаттарда 400 тарбиялануучу жашайт.