БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыска убакытка эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Өлкө башчы Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынан кийин ошол жакта калып, үй-бүлөсү менен кыска убакытка эс ала турган болду", — деп жазылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык Алмазбек Атамбаевдин эмгек өргүүсү 9-январдан 14-январга чейин уланмакчы.