БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү үчүн көп кабаттуу экинчи үйдүн пайдубалына капсула салынганын аталган кызматтан билдиришти.
Жумакадыров акыркы жылдары мамлекет күч түзүмдөрүнө көңүл буруп жатканын айтып, бул тармакта иштегендерге социалдык жактан колдоо болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле быйыл бир нече көп кабаттуу үй салына турганын кошумчалады.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Жапаров акыркы чейрек кылымдан бери аталган кызматтын кызматкерлери бир дагы батир албаганын өз сөзүндө баса белгиледи.
"Азыр беш кабаттуу үйдүн экинчи пайдубалы тургузулууда. Биринчи үйдү салууга 94,75 миллион сом коротулган. Учурда анын ички иштери жасалууда. Ал апрель айында берилет", — деп айтылат маалыматта.
Экинчи үй жыл аягына чейин салынып бүтүп, 36 үй-бүлө жаңы батирлүү болорун ЖАМКдан билдиришти.