Ашырбаев: кыргызстандыкты барымтага алган тажик жаранына кылмыш иши козголду
Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, кыргыз жараны барымтадан 29-декабрь күнү бошотулган.
"Кыргыз жаранын Тажикстандын укук коргоо органдары 29-декабрда барымтадан куткарышкан. Учурда биздин жаран ооруканада. Абалы туруктуу", — деди Ашырбаев.
Ал белгилегендей тажик жаранына Тажикстандын Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду.